«Альянс» саясий партиясы шайлоого талапкерлердин тизмесин бекитти

  • 3 года мурун

Бүгүн, 12-октябрда, Бишкекте “Альянс” саясий партиясынын III кезексиз съезди өттү. Анда Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилди.

Тизменин алдыңкы сабында парламент депутаттары Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашева, мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, журналисттер Эрнис Кыязов, Чынара Капарова, активист Сейтек Качкынбай, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров бар.

Ошондой эле Финполдун мурдагы жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев дагы бар.

Алтынбек Сулайманов буга чейин №5 Ноокат округунан талапкер катары шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшырган. Курултай учурунда ал бир мандаттуу округдан арызын алып, шайлоого партиялык тизме менен бара турганын жарыялады.

“Альянс” саясий партиясынын теңтөрагасы болуп Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев шайланды.

Сүрөт: «Альянс» саясий партиясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты