«Улуттар биримдиги» партиясы талапкерлердин тизмесин бекитти

  • 3 года мурун

Бүгүн, 11-октябрда «Улуттар биримдиги» саясий партиясынын съездди жыйынтыкталды. Курултайда партия алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн 54 талапкердин тизмеси бекитти.

«Улуттар биримдиги» партиясын шайлоого партия лидери Мелис Мырзакматов баштап барат. Тизменин алдыңкы сабында Артур Медетбеков, Нарындын мурдагы губернатору Бейшен Болотбеков, «Ар-Намыс» партиясынан юрист Андрей Иванов, «Көзөмөл» кыймылынын жетекчиси Айбек Турганбаев, «Мекен сакчысы» кыймылынын башчысы Саитжан Эратов, журналист Турат Акимов, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов бар.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек. Ушул күндөрү бир катар партиялар съездин өткөрүп, парламенттик шайлоого тизмесин бекитүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүлөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты