Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкарды кабыл алды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Индия Республикасынын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-индия кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, аскердик-коргонуу, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактары боюнча пикир алмашуу болду.

«Президент акыркы жылдары эки тараптуу сооданын өсүшү байкалганын белгилеп, Индия Кыргызстанга фармацевтикалык өнүмдөрдү жеткирүүчүлөрдүн негизгилеринин бири жана текстиль өнөр-жайын, медициналык туризм жана башка тармактарды камсыздоодо маанилүү роль ойноорун белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Индия менен энергетика, кайра иштетүүчү өндүрүш, айыл-чарбасы, медицина жана туризмге түз инвестиция жана аскердик коргонуу жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин кошумчалаган.

Субраманиям Жайшанкар өз кезегинде Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин атынан салам айтып, Садыр Жапаровду өзүнө ыңгайлуу болгон убакытта Индияга сапар менен келүүгө чакырган.

«Индиянын тышкы иштер министри эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана өнүктүрүүгө жана санариптештирүү, саламаттыкты сактоо, туризм тармактарындагы инвестициялык долбоорлорго көңүл бурууга даярдыгын белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары ал коомдук өнүгүүгө багытталган, тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индиядан гранттык жардам боюнча Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Индиянын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Индиянын тышкы иштер министри Субраманиям Жайшанкар Кыргызстанга иш сапары менен кечээ, 10-октябрда келген.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты