ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков кызматтан кетти

  • 3 года мурун

Ички иштер министринин (ИИМ) биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков кызматтан кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча ал алдыдагы парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Kaktus.media өзүнүн булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Өмүрзаков бүгүн, 11-сентябрда ээлеген кызматынан кетүү жөнүндө рапорт жазган.

Анын ордуна Ички иштер министрлигинин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы Адыл Бийбосунов келди.

Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин башчысынын биринчи орун басары болуп 2016-жылдын июнунда дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты