Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын жаңы партиясы келди

  • 2 года мурун

Польшадан Кыргызстанга 55 миң 200 доза AstraZeneca вакцинасы алынып келинди. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, вакцина биримдиктин жарандык колдоо механизминин алкагында коронавируска каршы күрөшүү үчүн алынып келинген.

Кыргызстандын Республикалык иммунопрофилактика борбору октябрь айында 420 миң дозадай вакцина келе турганын билдирген. Маалыматка караганда, ушул айда AstraZeneca’дан сырткары Pfizer, Sinopharm вакциналары келиши керек.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Азыр Кытайдын Sinopharm, Орусиянын «Спутник V», COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты