Ирак «Ислам мамлекети» террордук тобунун лидерлеринин бири кармалганын жарыялады

  • 3 года мурун

Ирактын атайын кызматы «Ислам мамлекети» террордук тобунун жок кылынган лидеринин орун басары Сами Жасимди кармады. Бул тууралуу Ирактын премьер-министри Мустафа Аль-Казыми 11-октябрда «Твиттер» баракчасы аркылуу жарыялады.

Аль-Казыми экстремисттик топтун мурдагы лидери Абу Бакр ал-Багдадинин орун басары деп мүнөздөлүп келген Жасимди Ирактын атайын кызматы кармаганын билдирип, андан башка маалымат берген эмес.

Багдади 2019-жылы Сириянын түндүк-батышында АКШнын атайын күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жок кылынган. Кошмо Штаттар «Ислам мамлекети» террордук тобунун Жасим баштаган башка лидерлери тууралуу маалымат бергендерге сыйлык жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты