Бишкекте «Ынтымак» саясий партиясынын съезди өтүп жатат

  • 3 года мурун

Бүгүн, 11-октябрда Бишкек шаарында «Ынтымак» саясий партиясынын съезди өтүп жатат.

Курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан делегаттар келип катышууда. Алардын арасында мурдагы инвестициялар министри Алманбет Шыкмаматов, Бишкек шаарынын мэринин мурдагы м.а. Балбак Түлөбаев, №17 үй -бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова бар.

Белгилей кетсек, буга чейин «Ынтымак» партиясы менен «Келечек», «Чоң Казат» жана «Бирге» партияларынын бириккени белгилүү болгон.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүлөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты