Ош-Ноокат унаа жолунда жеңил машина толугу менен күйүп кетти

  • 3 года мурун

Ош-Ноокат унаа жолунда “Ауди-80” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 10-октябрда Ош-Ноокат унаа жолунун 25 чакырымында Чеч-Төбө айылынын аймагында болгон. Өрттүн кесепетинен “Ауди-80” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты