«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы талапкерлердин тизмесин бекитти

  • 3 года мурун

Кечээ, 10-октябрда «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын съезди болуп өттү. Съезддин жүрүшүндө партия парламенттик шайлоо үчүн талапкерлердин тизмесин бекитти.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясын бул жолу шайлоого Айбек Маткеримов баштап барат. Тизменин алдыңкы бештигинде «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, экс-депутат Равшан Сабиров, өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары Жамиля Исаева, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашев бар. Тизмеге Кыргыз Республикасынын эл артисти Бек (Берадор) Борбиевдин дагы киргени белгилүү болду.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык экени айтылып жүрөт, бирок Ташиев өзү муну бышыктаган эмес.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүлөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты