Чүйдө өрттөн бир адам каза болду
- 3 года мурун
10-октябрда Москва районунун Петровка айылында турак үйдөн өрт чыгып, кырсыктан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу кабар ӨКМге 23:35 чамасында түшкөн. Жерине №15 ӨКБдан бир бөлүм тартылып, өрт саат 00:05те чектөөгө алынган жана 01:00дө толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен бир эркек киши каза болуп, 40 ч.м. турак үй толугу менен күйүп кеткен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү