​Баткендеги жол кырсыгынан үч киши көз жумду

  • 3 года мурун

Баткен облусунун Кадамжай районунда 9-октябрда саат 17:30 чамасында Кадамжай-Айдаркен унаа жолунун 25-чакырымыда «Toyota Avensis» менен «Honda Odyssey» унаалары жол кырсыгына кабылган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жол кырсыгына 10 киши учурап, анын ичинен 3 жаран каза болуп калган. (1 эркек 1974-ж.т. М.М., 2 аял: 1965-ж.т. А.Р., 1977-ж.т. К.К.). Ал эми 7 жаран жабыркаган. Жабыркаган жарандар Айдаркен шаардык ооруканага жеткирилгени маалымдалды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты