2021-жылдын ​Нобель сыйлыгын журналисттер Дмитрий Муратов менен Мария Ресса алды

  • 3 года мурун

2021-жылдын Нобель сыйлыгын алган журналисттер — россиялык “Новая газета” басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов жана Филиппинден Rappler басылмасынын негиздөөчүсү Мария Ресса болушту. Алар сөз эркиндигин жана ой эркиндигин жактоо аракети үчүн татыктуу болушту.

Дмитрий Муратов “Новая газетанын” кызматкерлеринин өлтүрүлгөндүгүнө, кысымга алууга карабастан, гезитти чыгаруудан баш тарткан эместигин, журналисттердин укугу үчүн күрөшүп келгендигин норвегиялык Нобель комитетинин башчысы Берит Рейс-Андрсен белгилеген. Ал эми басылманын журналисти Анна Политковскаянын өлтүрүлгөнүнө 15 жыл болду.

Филиппиндик башкы редактор Мария Рессе ар кандай кысымдарга карабастан көз карандысыз басылманы чыгарууну улантып, бийликтин туура эмес иштерин сындап келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты