«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган эски жүздөр». Маалыматты текшеребиз

Социалдык тармактарда алдыдагы парламенттик шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы менен аттанып жаткан талапкерлердин тизмеси делген сүрөт тарап жатат. Анда жалпы он беш адамдын сүрөтү камтылса, алардын ичинен он төртү Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары.

Тактап айтканда, сүрөттө “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмесиндеги талапкерлер катары учурдагы депутаттар Алиярбек Абжалиев, Нурбек Алимбеков, Айбек Алтынбеков, Азамат Арапбаев, Кенжебек Бокоев, Ильхом Маннанов, Искендер Матраимов, Гүлкан Молдобекова, Айбек Осмонов, Улан Примов, Бакыт Төрөбаев, Пархат Тулендыбаев, Азизбек Турсунбаев жана Абдумажит Юсуров көрсөтүлгөн.

“Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучулары бул сүрөттү ар кандай аталыш менен бөлүшүп, көпчүлүгү партияга эски жүздөрдүн биригип алганын сындаган жана катталуучуларын аларга добуш бербөөгө чакырышкан.



ПолитКлиника медиасы бул сүрөттөгү маалыматтын аныктыгын текшерип көрдү.

Шайлоого бир мандаттуу округдан аттангандар

Жогорудагы сүрөттө “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан талапкер катары көрсөтүлгөн депутаттар Искендер Матраимов, Айбек Осмонов жана Нурбек Алимбеков Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн арыз беришкен.

Искендер Матраимов

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган эски жүздөр». Маалыматты текшеребиз

БШКнын расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Искендер Матраимов талапкерлигин №9 Кара-Суу шайлоо округунан коюп жатат. Ал 2015-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Матраимов 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышып, жеңишке жетишкен. Бирок шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдин толкуну жыйынтыкты жокко чыгарууга, анын артынан бийликтин алмашуусуна себеп болгон.

Айбек Осмонов

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган эски жүздөр». Маалыматты текшеребиз

Ал эми Айбек Осмонов №7 Ош шайлоо округунан депутат болууну көздөөдө. Осмонов ушул жылдын 14-мартында “Бир бол” фракциясынын мурдагы депутаты, маркум Алмазбек Акматовдун ордуна депутат болуп келген.

Айбек Осмонов “Мекеним Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары белгилүү. Бирок ич ара келишпестиктерден улам өткөн жылы шайлоонун алдында партиянын курамынан чыкканын билдирген. Андан кийин “Ыйман нуру” партиясынын саясий кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. Бир канча убакыттан кийин бул партиянын катарынан дагы чыкканы белгилүү болгон.

Нурбек Алимбеков

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган эски жүздөр». Маалыматты текшеребиз

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков менен байланышканыбызда ал бул жолу шайлоого партия менен эмес, бир мандаттуу округдан катыша турганын билдирди. БШКнын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Алимбеков №8 Төлөйкан шайлоо округунан талапкер болуу үчүн арыз берген.


Нурбек Алимбеков 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынан эл өкүлү болуп шайланган. Өткөн жылы дагы аталган партия менен шайлоого катышып, жеңишке жетишкен. Бирок элдик толкундоонун арты менен шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Кенжебек Бокоев

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган эски жүздөр». Маалыматты текшеребиз

Булардан тышкары сүрөттө көрсөтүлгөндөрдүн арасынан депутат Кенжебек Бокоевдин шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниети бар экенин консультанты Асель Байсеитова билдирди.

Кенжебек Бокоев парламенттин V жана VI чакырылышынын депутаты. 2010-жылы “Республика” партиясынан, 2015-жылы “Республика — Ата-Журт” партиясынан депутат болуп шайланган. 2020-жылы шайлоого кайрадан “Республика” партиясынын курамында катышкан.

Партиянын тизмесине киргенин тастыктагандар

Пархат Тулендыбаев

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган эски жүздөр». Маалыматты текшеребиз


Депутат Пархат Тулендыбаевге “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмесине кирип-кирбегендигин тактоо үчүн байланышканыбызда, ал аталган партиядан сунуш түшкөнүн, партиялаштарын колдоо максатында сунушка макул болгонун билдирди. Белгилей кетсек, Тулендыбаев 6-чакырылышка “Республика — Ата-Журт” партиясынан депутат болуп келген.

Ага чейин 2007-2010-жылдары “Ак-Жол” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган. 2020-жылы парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясы менен катышкан.

Ойлонуп жатканын билдиргендер

Бакыт Төрөбаев

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган эски жүздөр». Маалыматты текшеребиз

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок консультанты Эрик Курмангазиев эл өкүлүнүн алдыдагы шайлоого кайсы партиядан катышары тактала элек экендигин билдирди.

Бакыт Төрөбаев парламенттин үч жолку депутаты. Алгач 2007-жылы бийликчил “Ак-Жол” партиясынан парламентке депутат болуп келген. Бакиевдердин бийлиги кулатылган соң “Республика” партиясына кирип, 2010-жылы аталган партиянын тизмеси боюнча 5-чакырылыштын депутаты болуп шайланган. Бирок кийин ич-ара келишпестиктерден улам партиядан чыгып, өз алдынча “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясын негиздеген. 2015-жылы “Өнүгүү-Прогресс” партиясы менен шайлоого аттанып, 120 орундан 13 орунга ээ болушкан.

Төрөбаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан эмес.

Абдумажит Юсуров

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган эски жүздөр». Маалыматты текшеребиз

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Абдумажит Юсуровго байланышканыбызда сунуштар түшүп жатканын, бирок азырынча бир чечимге келе элек экенин билдирди. Ошондой эле ал шайлоонун алдында саясий күчтөрдүн биригүүсү нормалдуу көрүнүш экенин белгилеп өттү.

Абдумажит Юсуров Жогорку Кеңештин IV жана VI чакырылышынын депутаты. 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоого бийликчил “Биримдик” партиясынын курамында катышкан.

Шайлоого катышпай турганын билдиргендер

Алиярбек Абжалиев

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган эски жүздөр». Маалыматты текшеребиз

Жогорудагы маалыматта аты аталган депуттардын бири Алиярбек Абжалиев бул жолу шайлоого катышпай турганын билдирди.

Мурдагы президент Сооронбаев Жээнбековдун кудасы катары белгилүү болгон Абжалиев Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты. 2015-жылы шайлоого “Республика — Ата-Журт” партиясы менен катышкан. Ал эми өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинде 27-катарда ат салышкан.

Жооп берүүдөн баш тарткандар

Жогорудагы сүрөттө белгиленген депутаттардын айрымдары “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан шайлоого аттанып жатканыңыз чынбы?” деген сурообузга жооп берүүдөн баш тартышты. Алар: Азамат Арапбаев, Ильхом Маннанов, Улан Примов, Азизбек Турсунбаев. Ал эми Гүлкан Молдобекова жана Айбек Алтынбеков менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Белгилей кетсек, өткөн жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жогоруда аты аталган депутаттардын ичинен Азамат Арапбаев, Улан Примов, Айбек Алтынбеков “Биримдик” партиясынан, Ильхом Маннанов менен Гүлкан Молдобекова “Мекеним Кыргызстан” партиясынан, ал эми Азизбек Турсунбаев “Кыргызстан” партиясынан ат салышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты