Мамдума армия жөнүндө «фейк» тараткандарды эркинен ажыратуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

  • 2 года мурун

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Украинадагы орус аскерлеринин аракеттери тууралуу «фейк» маалымат тараткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алды.

Кеп «АКШнын жана башка мамлекеттердин кастык мамилелерине каршы туруу чаралары тууралуу» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө болууда. Ага ылайык, Кылмыш кодексине жаңы берене кошулат. Армиянын ишмердүүлүгү тууралуу жарандын тараткан маалыматын сот «жалган» деп тапса, ага айып пул салынат же үч жылга эркинен ажыратылат. Ошол эле маалда ал жаран кызмат абалынан пайдаланып, жаман ниет менен «жасалма түрдө далилдерди түзсө», анда 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн. Эгер «жалган» маалымат оор кесепеттерге алып келсе, аны тараткан адам 15 жылга соттолот.

Мыйзам долбоорунда «Орусиянын кызыкчылыктарын коргоо үчүн орус аскерлерин колдонууга каршы чакырык жасоо үчүн» алгач административдик жоопкерчиликке тартуу, дагы кайталанса үч жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. Мындай жаза Орусияга каршы санкцияларды киргизүү чакырыктары үчүн да каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты