«Ата Мекен» партиясынын тизмесиндеги алдыңкы бештик аныкталды

  • 3 года мурун

«Ата Мекен» партиясынын тизмесиндеги алдыңкы бештик аныкталды. Алар: Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова, Тилек Токтогазиев, Али Токтакунов, Наталья Никитенко.

Партиянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, бүгүн, 9-сентябрда «Ата-Мекен» партиясынын 14-съезди жыйынтыкталды. Съезд учурунда тизменин алгачкы бештиги белгилүү болду. Ал эми талапкерлердин толук тизмесин бекитүү 11-октябрга калтырылды.

«Ата Мекен» партиясын бул жолу шайлоого партия лидери Өмүрбек Текебаев өзү баштап барат.

Буга чейин «Ата Мекен» менен «Реформа» партиялары «Эгемен» атуу коалиция түзгөнүн жарыялашкан. Кийин ага «Туран», «Ак калпак», «Эгемен Кыргызстан», «Каныкей» коомдук кыймылы кошулганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты