«Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлердин тизмесин бекитти

  • 3 года мурун

Бүгүн, 9-октябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын съезди жыйынтыкталды. Курултайда парламенттик шайлоого катышуу үчүн 54 талапкердин тизмеси бекитилди.

«Бүтүн Кыргызстанды» шайлоого партия лидери Адахан Мадумаров баштап барат. Партиянын тизмесинде «Кыргызстан коммунисттер» партиясынын лидери Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Аккулу Бердиев, Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, активист Орозайым Нарматова бар.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүлөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты