Дональд Лу: Пенсильванияда каза болгон кыргыз жаранынын өлүмү кылдат иликтенет

  • 3 года мурун

АКШнын Пенсильвания штатында полициянын огунан каза тапкан кыргыз жаранынын өлүмү кылдат жана адилеттүү иликтенет. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу билдирди.

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Дональд Лу менен байланышып, окуяны талкуулаганы расмий кабарланды.

Элчи трагедияны адилеттүү иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды. Дональд Лу жакын арада өлүм тууралуу расмий баяндама берилерин белгиледи.

5-октябрда Пенсильвания штатында Кыргызстандын жараны полициянын огунан каза тапканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлаган. Азырынча полиция эмне себептен ок чыгарганы белгисиз. Социалдык медиада тараган видеодо жүк ташуучу машинелердин арасында атышуу болгону көрүнөт.

28 жаштагы маркумдун жакындары сөөктү Кыргызстанга алып келүү үчүн атайын документтерди даярдап жатат.

Элчилик маркумдун бир-тууганы азыр АКШда экенин, ага тиешелүү жардам берилип жатканын да министрликке кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты