ЖМК: АКШда полициянын огунан каза тапкан кыргызстандык каракчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн

  • 3 года мурун

АКШда полициянын огунан каза тапкан кыргызстандык каракчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн. Бул тууралуу америкалык ЖМКлар жазып чыгышты.

PАhomepage.com билдиргендей, маркум Клинтон шаарында каракчылыкка шектелип, качып жүргөн. Ламар шаардык полициясы аны окуя болгон жерге чейин кууп барган. Полиция келген учурда шектүү укук коргоо органдарынын талаптарын аткарбай, жүк ташуучу унаага бекинип алган. Андан соң качып кетүүгө аракет кылып, үч патрулдук унааны жана токтоп турган жүк ташуучу машинаны сүзгөн.

Басылма күч органынын бир канча кызматкери окуядан жеңил жаракат алганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-сентябрда жергиликтүү ЖМКлар АКШда Кыргызстандын жараны полициянын огунан каза болгонун жазып чыгышкан. Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 28 жаштагы кыргызстандык М.Н. 5-октябрда АКШнын Пенсильвания штатынын полициясы тарабынан атылган октон алган көптөгөн жаракатынан улам каза тапканын ырастаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты