Рамзан Кадыровдун 22 жаштагы кызы Чеченстандын маданият министри болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыровдун 22 жаштагы кызы Айшат Кадырова маданият министри болуп дайындалды. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги парламенттин спикери Магомед Даудовдун билдирүүсүнө таянып жазды.

«Чечен Республикасынын маданият министри жоопкерчиликтүү кызматын аркалап жатып Айшат маанилүү жыйынтыктарга жетишет жана алдына коюлган милдеттерин так аткарат деп ишенем», — деп жазган Даудов өзүнүн Инстаграм баракчасында.

Айшат Кадырова 1998-жылы 31-декабрда Чечен Республикасынын Курчалоев районунда төрөлгөн. Чечен мамлекеттик университетин аяктаган. 2016-жылдан бери Firdaws мода үйүн жетектеп келет. Өткөн жылдын сентябрь айында маданият министринин орун басары болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты