Баткен окуясында жабыркагандар бир катар салыктан бошотулду

  • 3 года мурун

Министрлер кабинети Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларда жабыркаган салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечимге ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрга чейинки мөөнөттө Баткен облусундагы окуялардын кесепетинен жабыркаган ишкерлердин тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөр (кенди кайра иштетүүчү, кен казуучу жана акциздик товарларды чыгаруучу ишканалардан, мунай продуктуларын сатуучу субъектилерден тышкары) бир катар салыктарды төлөөдөн бошотулду.

Атап айтсак, киреше салыгы, пайда салыгы, кошумча нарк салыгы (импортко карата кошумча нарк салыгынан тышкары), сатуу салыгы, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык төлөшпөйт.

Көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр 2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки мезгилде пайда болгон салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын суммасы боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арызды салык органына берүүгө укуктуу.

2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки отчеттук мезгилде салык калдыгынын суммасына камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөө үчүн туум көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулбайт.

Жергиликтүү кеңештерге Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан ишкерлердин тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөрдү жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталды.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты