​Орусиянын өкмөтү Өзбекстандан 10 миң курулушчуну тартуу боюнча долбоорду жактырды

  • 2 года мурун

Орусиянын өкмөтү курулуш объектилерине чет өлкөлүк жумушчуларды тартуу боюнча пилоттук долбоорду жактырды. Анын алкагында Орусияга Өзбекстандан 10 миң курулушчу келет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары кабарлады.

Укуктук маалыматтар порталына жарыяланган документте Өзбекстандан 10 миң мигрант тартуунун схемасы көрсөтүлүп, аларга коронавируска каршы «Спутник Лайт» вакцинасы сайылары жазылган. Пилоттук долбоорго өлкөнүн Курулуш, Эмгек, Саламаттык сактоо, Билим берүү, Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери жана Роспотребнадзор мекемеси катышууда.

Курулуш министри өз объектилерине өзбек жумушчуларын тартууну жана алар менен келишим түзүүнү каалаган жумуш берүүчүлөрдүн тизмесин түзүшү керек болот.

«Токтомдун кабыл алынышы санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Өзбекстандан 10 миң эмгек мигрантын тартуу боюнча конкреттүү кадамдарды жасоого мүмкүндүк берет», — деди министрдин орун басары Никита Стасишин.

Өткөн айдын ортосунда Өзбекстандын расмий адамдары жакынкы убакта Орусияга 10 миң өзбек мигранты жумушка алынарын билдиришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты