Ашууда калган чабандар куткарылды
- 3 года мурун
Ысык-Көл облусунун Тоң ашуусундагы катуу жааган кардан 7-октябрда саат 17:15 чамасында 500 жылкы жана 400дөй топозу менен өтө албай калган чабандар куткарылды.
Ашууда калган 4 чабан Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан.
Жерине Тоң районунун ӨКБнөн 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар чабандарды жакага алып түшүшкөн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөттө: Тоң ашуусу. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү