Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен Казакстандын жарандары сыйланды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, «Отандастар фонду» (Казакстан) коммерциялык эмес акционердик коомунун президенти Нуртай Абыкаев менен Казакстан Республикасынын Президентинин өлкө парламентиндеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бейбит Исабаевди кабыл алды.

Эки өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бүгүн Бишкек шаарында Казакстандын маданият күндөрү өтүүдө.

Президент «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койгонун белгиледи.

Эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле эки өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу Нуртай Абыкаев «Достук» ордени, ал эми Бейбит Исабаев «Даңк» медалы менен сыйланды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты