Депутат ​Садиков: Шайлоодон коркуп, электр энергиясын веердик өчүрүүлөр болбойт деп элди алдап жатышса керек

  • 3 года мурун

Депутат Улукбек Садиков бүгүн, 7-октябрда, парламенттин жалпы жыйынында калкты электр энергия менен камсыз кылууда алдыдагы күтүлгөн көйгөйлөр тууралуу маселе көтөрдү.

-Быйылкы прогноз боюнча кыш катаал болору айтылууда. Экинчиден, биздин Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү 12, 3 млрд менен токтоду. А жылдык талабыбыз -6 млрд куб. Жылдын этегинде 6 млрдга түшөрү айтылууда. Бул — деген критикалык точка, энергетиканы жокко чыгарат деген сөз.

Министр биз Тажикстандан электр энергия сатып ала баштадык деп айтып жатат. Бул маалыматтын чын-жалганы азырынча белгисиз. Бул Тажикстандан, переток деп коет, алардын жакын калкына биз беребиз, биздикине алар берет. Ар бир айда эсеп болуп турат. Буга так маалымат алышыбыз керек.

Экинчиден, суунун көлөмү азайган сайын, энергияны өндүрүү наркы көтөрүлөт. Ошондуктан, мен сунуш киргизем, энергетика министри келип, маалыматты берип койсун. Анткени кыргызда, “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт” деген сөз бар. Шайлоодон коркуп, веердик өчүрүүлөр болбойт деп элди алдап жатса керек. Камчысын мойнуна илип, элдин алдына чыксын. Аба ырайы бир аз жылуу убакта, керектүү учурда өчүрөбү, бир айласын табыш керек. Январь-февраль айларында катуу кризиске кабылып калбайлы, -деди депутат Улукбек Садиков.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты