Ошто милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 3 года мурун

Опузалап пара алган деген шек менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын билдиргенине караганда, Ош шаардык ИИБ №5-шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты А. Т. 4-октябрда пара алып жаткан жеринен кармалган. Алдын ала маалыматка ылайык, ал алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн пара талап кылган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Шектүү Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-аракеттери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты