Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышууну көздөөдө

  • 3 года мурун

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков алдыдагы парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышууну көздөп жатат. Бул тууралуу ал 6-октябрда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда өткөн сот отурумунда билдирди.

Сот отурумунун жүрүшүндө саясатчы соттон Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшыруу үчүн кароол менен жеткирүүнү өтүндү.

«Мен конституциялык укугумдан пайдалангым келет. Бирок мыйзамда Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди өзүм алып барып беришим керек экен. Мени кароол менен ал жакка жеткирүүнү сурайм», — деди Жээнбеков

Кой-Таш окуясы боюнча сот ишин карап жаткан судья Азирет Медеров кат түрүндө кайрылууну суранды.

Равшан Жээнбеков мурдараак соттук отурумдардын биринде “ага карата соттук өкүм чыга электигине карабай, БШК анын арызын кабыл албай жатканын” даттанган. БШК кийин билдирүү таратып, Жээнбековдун ишенимдүү өкүлдөрү комиссияга кайрылбаганын, документтерин алып келбегенин кабарлаган.

БШКнын түшүндүрмөсүнө ылайык, бир мандаттуу округдан талапкерлигин койгон адам БШКга өзү келип арыз бериши керек. Ал эми партиялык тутумда тизмени партиянын лидери же ыйгарым укуктуу өкүлү алып келип берсе болот.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы башаламандык окуялар үчүн айыпталууда. Ал бул айып менен №1 тергөө абагында бир жылга жакын отурган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган. Ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган. Саясатчы кылмыш ишин саясий куугунтук деп келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты