«Ынтымак» жана «Келечек» саясий партиялары бирикти

  • 3 года мурун

«Ынтымак» жана «Келечек» саясий партиялары бирикти. Бул тууралуу “Ынтымак” партиясы «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

«28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого катышуу үчүн бирдиктүү саясий күчкө айландык», — деп айтылат билдирүүдө.

Тиешелүү документке эки тараптын лидерлери Марлен Маматалиев менен Чыңгыз Макешов кол койгон.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Пропорционалдык система боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирип, 75 партия арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Сүрөт “Ынтымак” партиясынын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты