Мамлекеттик кызматкерлердин саны 30 пайызга кыскарышы мүмкүн

  • 3 года мурун

Министрлер кабинети тууралуу мыйзам күчүнө кирген соң мамлекеттик кызматкерлердин саны 30 пайызга кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин 6-октябрдагы отурумунда экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жумуштан бошотулган чиновниктердин бардыгына Эмгек кодекси боюнча компенсация төлөнүп берилет.

«Эмгек кодекси боюнча кенемте төлөнөт. Буга каражат бар. Эми өкмөттүк аппаратка чейин көтөрүлгөн кызматкерлер ишсиз калбайт деп ойлойм. Ал эми иш таба албагандар арга жок, жумушсуздук боюнча жөлөк пул алышат».

Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда президенттен тартып, катардагы жумушчуларга чейин жалпы 368 миң адам бюджеттен айлык алат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда «Министрлер кабинет тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты