Баткенде аткезчилик менен жүк ташып бара жаткан унаалар кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы Баткен облусунда аткезчилик фактыларын аныктаганын билдирди.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 5-октябрда Лейлек районунун Жаштык айылында кийим-кечек, азык-түлүк ташып бараткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа кармалган.

6-октябрда Лейлек районунун Достук жана Арка айылдарынын ортосунда 25 куб жыгач ташып бараткан DAF үлгүсүндөгү унаа колго түшкөн.

Ошол эле күнү Баткен районунун Жаңы-Бак аймагында Тажикстандан 22 тонна жүзүм ташып келе жаткан жети унаа кармалган. Алдын-ала божомол боюнча жүзүмдүн баасы 3 млн. 650 миң сом болушу мүмкүн.

Тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин кармалган унаалар жана айдоочулар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты