ЖК отуруму: Министрлер кабинетин президент жетектейт

  • 3 года мурун

«Министрлер кабинети тууралуу» мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, аткаруу бийлигин президент жетектейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы отурумунда депутат Аалы Карашев билдирди.

Мындан тышкары долбоордо министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө коюлган квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, министр боло турчу адамдарга төмөнкүдөй талаптар коюлат:

— Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда 10 жылдык тажрыйбасы, анын ичинде беш жылын жетекчи кызматтарда иштеген болушу керек;

— Дайындоого чейин мүлкү тууралуу декларацияны Министрлер кабинетинин төрагасына берүүгө тийиш;

— Бизнеси бар адам өкмөт мүчөсү боло албайт;

— Министрлер кабинетинин мүчөсү административдик ресурсту пайдалана албайт;

— Министрлер кабинетинин мүчөсүнө кылмыш иши баш прокурордун макулдугу менен козголот;

— Өкмөттүк аппараттын иши президенттик администрацияга жүктөлөт;

— Жогорку Кеңеште бир гана өкүл — президенттин өкүлү болот;

— Министрлер кабинети мамлекеттик бюджет тууралуу Жогорку Кеңешке отчет берет. Парламент отчетко канааттанбаса, алардын жоопкерчилигин президент карап чыгат.

Бүгүн, 6-октябрда парламенттин отурумунда «Министрлер кабинети тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.

Мыйзам долбоору тууралуу депутаттарга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров дагы маалымат берүүдө.

Министрлер кабинети тууралуу мыйзам долбоору тууралуу «Тандем» юристтер коомчулугунун координатору Таттуубүбү Эргешбаеванын маеги бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты