УКМК: Баңгизат менен кармалган чек ара кызматкерине мурда дагы кылмыш иши козголгон

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы маңзат менен кармалганы кабарланып жаткан Р. Д.нын чек ара кызматында иштеп кеткенин тастыктады.

Ага карата мурда дагы кылмыш иши козголгон. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, «Кадамжай» өткөрмө бекетинин мурдагы башчысы Р.Д. мамлекеттик жана аскердик сырды камтыган маалыматтарды сактоодогу мүчүлүштүккө шек саналып, июль айында кызматынан бошотулган.

«Майор Р. Д.га карата мурда да бир нече кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Мындан тышкары ал Ысык-Көл райондук соту тарабынан маңзатты мыйзамсыз даярдоого шек саналып, эки айга камалган», — деп жазылган маалыматта.

6-октябрда эртең менен Ысык-Көл районунда маңзат ташып бара жаткан жеринен Чек ара кызматында иштеген эки адам кармалганы кабарланган. Алардын бири көзөмөл-өткөрмө бекетинин мурдагы жетекчиси, экинчсиси Караколдогу чек ара бөлүмүндө иштегени айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты