«Мен Малала» китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

  • 3 года мурун

Нобель Тынчтык сыйлыгынын эң жаш лауреаты Малала Юсуфзайдын чыныгы окуясы баяндалган «Мен Малала» китеби кыргызчага которулду.

Китептин авторлору — Малала Юсуфзай жана Патрисия Маккормик. Анда талибдердин көзөмөлүндө калган Пакистандын Сват аймагынын 10 жаштагы тургуну Малаланын басып өткөн жолу баяндалган. Талибдер кыздарга мектепке барууга тыюу салган мезгилде Малала билим алуу укугу үчүн күрѳшѳт.

2012-жылы 9-октябрда мектептен үйүнѳ бара жаткан Малала автобуста кол салууга туш болуп, ок атылат. Анын аман каларына эч кимдин кѳзү жеткен эмес. Бирок Малала азыр билим берүү боюнча активист, тынчтык жүрүшүнүн эл аралык символуна айланды. Малаланын баяны бир бала, бир мугалим, бир китеп жана бир калемсап дүйнѳнү ѳзгѳртѳ аларына ишендирет.

Китеп «Китепстан» басма үйү тарабынан бардык автордук укуктарды сактоо менен кыргызчага которулду. Китепти кыргызчага которгон — Алтынай Токтоматова, редактору — Кубат Чекиров, корректору — Алтынай Сейдалиева.

Китепти 0550666332, 0702773443 байланыш номерлери аркылуу жана китеп дүкөндөрүнөн ала аласыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты