Шашылыш билдирүү: айрым аймактарда үшүк жүрөт

  • 2 года мурун

6-7-октябрда Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратты.

Мекеме үшүк жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып бирок үстү жабылбаган картөшкө жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу экенин билдирди.

ӨКМдин маалыматына ылайык, үшүк Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жүрөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты