Ысык-Көлдө эки чек ара кызматкери баңгизаты менен кармалды
- 3 года мурун
Баңгизатын мыйзамсыз сактаган деген шек менен УКМКнын Чек ара кызматынын эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өзүнүн булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, чек ара кызматкерлери Ысык-Көл районунун аймагында кармалган. Алардын бири көзөмөл-өткөрүү пунктунун мурдагы жетекчиси Р.Д. экени белгилүү болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, аскер кызматкерлери Каракол шаарынан Чолпон-Атаны көздөй бара жаткан.
Муну бөлүшүү