​Октябрь окуяларына бир жыл. Садыр Жапаров кайсы убадаларын аткарып, канчасын унутту?

2020-жылы октябрь айындагы парламенттик шайлоодон кийин мамлекетте 13 күн бийлик кризиси өкүм сүрүп, анын жыйынтыгында элдик толкундоо учурунда абактан чыккан Садыр Жапаров бийлик башына келген.

ПолитКлиника медиасы октябрь окуясынын бир жылдыгана байланыштуу, Садыр Жапаровдун элге берген убадаларынын канчасы ишке ашып, канчасы куру сөз боюнча калганын анализдеп көрдү.

1. “Бийликке эскилер келбейт. Бир айдан кийин жаш профессионалдарды алып келебиз”

Садыр Жапаров 6-октябрда абактан чыгып, «Ала-Тоо» аянтында күтүп турган тарапташтары менен жолуккан. Чогулгандар бийликтегилердин баары көп жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп келген коррупционерлер экенин айтышып, люстрацияны талап кылышкан.

Садыр Жапаров чогулгандарга бийликте эскилер болбойт деген убаданы берген:

“Биз азыр координациялык кеңешме түздүк. Эми бийликте эскилер болбойт. Эки айдан кийин өлкөнүн бардык жагына профессианалдуу жаштарды алып келем!

Бирок, азыркы убакта Министрлер Кабинетиндегилердин тизмеси дээрлик өзгөргөн эмес.

Алсак, 1-июнда Экономика жана финансы министри болуп шайланган Акылбек Жапаров 1992-жылдан бери саясатта жүрүп, ар кандай кызматтарды ээлеген. ПолитКлиника медиасы буга чейин Жапаров жеке компанияларын оффшор катары чет өлкөлөрдө сактаганын жана бул мыйзам бузуу экенин далилдеп чыккан.

Ал эми, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 1995-жылдан баштап мамлекеттик кызматтарды ээлей баштаган. Мындан сырткары, 2020-жылы 15-октябрда Ички иштер министри болуп шайланган Улан Ниязбековдун Баткендеги контрабандага тиешеси бар экени белгилүү болгон.

Министрлер кабинетинде 2011-жылы Садыр Жапародун тарапташы болуп, “Ата-Журт” партиясын сүрөгөн Бообек Ажикеев да Өзгөчө кырдаалдар министри болуп шайланган.

2. “Раим миллион камалат”

8-октябрь күнү өкмөт үйүнүн алдында топтолуп турган элге чыккан Садыр Жапаров Раим Матраимовдун камалаларын кесе айткан. “Журналисттер, “Раим миллион менен сүйлөшүп алыптыр, Жээнбековдор менен сүйлөшүп алыптыр”,- деп жалган маалымат таратпагыла. Кудайды карап туруп айтам, эч ким менен сүйлөшкөнүм жок. Раим миллион камалат”,— деген.

Бирок, Жапаров 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу катары берген отчеттук маалымат жыйынында Матраимовду камоо тууралуу оюн өзгөрткөн:

“Аны камап койгондо мамлекетке бир тыйын акча алып келе албайт элек. Мен саясий чечим кабыл алдым. Ал өзү дагы мамлекеттен алган мүлктөрүмдү, акчаларды берерин айтты”,- деп буга чейин камалган бир да саясатчы бир тыйын акча куспаганын белгилеген.

​Октябрь окуяларына бир жыл. Садыр Жапаров кайсы убадаларын аткарып, канчасын унутту?

Эскерте кетсек, Бажы кызматынын мурунку орун басары Раимбек Матраимов УКМК кызматкерлери тарабынан 20-октябрда кармалып, кийинчерээк чет өлкөгө жакка чыкпоо шарты менен бошотулган. Ал мамлекетке 2 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтиргени аныкталып, 1 миллиард 400 миллион сомду накталай ал эми 600 миллион сомго өздүк мүлкүн берип кутулган. Ал эми 2021-жылдын 15-апрелинде Матраимовго каршы кылмыш иши толугу менен токтотулду.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев Раимбек Матраимовдун камалышына “Театралдаштырылган шоу”,- деп баа берген.

Андан кийин да бир топ саясатчыга коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, ушундай жол менен кылмыш иштери токтотулду. Башкача айтканда, Садыр Жапаровдун “Раим миллион камалат” деген сөзү ишке ашкан жок.

3. “Шайлоо учурунда административдик ресурс колдонулбайт”

Politmer.kg сайтында өлкө башчы Садыр Жапаров жалпы жонунан 78 убада бергени белгиленген. Алардын көпчүлүгү азыр процессте болсо, кээ бирлери ишке ашкан. Мисалы, бир мандаттуу округдарды түзүү, мартка чейин шайлоо өткөрүү сыяктуу айтылгандары жасалган.

Бирок, Жапаровдун 3-ноябрда Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда “Президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт” деген убадасы аткарылган эмес.

​Октябрь окуяларына бир жыл. Садыр Жапаров кайсы убадаларын аткарып, канчасын унутту?

Factchek.kg сайты, Садыр Жапаров шайлоо өнөктүгү учурунда мамлекеттик коопсуздук кызматкерлерин агитация үчүн колдонгонун далилдеп чыгышкан. Мыйзам боюнча, мамлекеттик кызматкерлер үгүт жүргүзүүгө катыша албайт. Эгер талапкер бул мыйзамды бузса, анда ал административдик ресурс колдонуу катары бааланат.

4. “Сөз эркиндигин толугу менен коргойм”

10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо добуштардын 79,2% алып, алдыга чыккан Садыр Жапаров журналисттер үчүн өткөрүлгөн басма сөз жыйынында сөз эркиндигин коргой турганын айткан:

“Сөз эркиндигин толук коргоого мен өзүм да ынтызармын. Сөзсүз түрдө коргойм. Эгерде сиздерге кандайдыр бир куугунтук болуп аткан болсо болушам.”— деп билдирген.

Бирок, бир катар серепчилер жана юристтер жаңы кабыл алынып, бир топ өзгөртүүлөр киргизилген Баш мыйзамда сөз эркиндигин чектей турган жагдайлар көп экенин айтып келишет. Ал эми, 2020-жылы сунушталып, бирок ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков артка жөнөткөн “Маалыматты манипуляциялоо” жөнүндөгү мыйзамына Садыр Жапаровдун кол койгону да бир топ талаш жараткан. Анткени, маалыматты манипуляциялоо мыйзамы фейктер менен күрөшүүнү эмес, коомдогу активисттер менен журналисттерди чектөө үчүн жазылып сөз эркиндигине доо кетире турган мыйзам экени айтылып келет.

5. “Туугандарымды бийликке жолотпойм”

14-октябрда өткөрүлгөн маалымат жыйынында ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаров мамлекеттик кызматка эч кандай тууганы дайындалбай турганын убада кылган.

Бирок, 21-октябрда Жапароы эки кудасын Турусбек Түмөнбаевди «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башчысы, ал эми Каймазаров Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы болуп дайындалган.

​Октябрь окуяларына бир жыл. Садыр Жапаров кайсы убадаларын аткарып, канчасын унутту?

Садыр Жапаров “Азаттык.кж” маалымат агенттигине берген маегинде октябрь айындагы кризисти жөнгө салуу үчүн өзү жеке тааныган адамдарды дайындаганын билдирген.

Кийинчерээк “Temirov.liveдын” журналисттери иликтөө жүргүзүп, Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев 517 миң 720 сомго жарыялаган тердерди утуп алган компания менен кызынын байланышы бар экенин далилдеп чыгышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты