«Кара-Кече» көмүн кенин «Альфа» атайын бөлүмүнүн аскерлери кайтарууда

  • 3 года мурун

«Кара-Кече» көмүр кенин «Альфа» атайын бөлүмүнүн 12 аскери кайтарууда.

Алар күз-кыш мезгилинде көмүр кениндеги коопсуздукту камсыз кылып турушат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

«Бүгүнкү күндө өлкө башчыбыз менен Камчыбек Ташиев өзү 12 кишиден турган «Альфа» командасын берди. Алар курал-жаракчан, биздин филалдагы 20 кишиден турган коопсуздук кызматкерлери менен чогуу кызмат өтөп жатышат. Аскерлер күз-кыш мезгилинде коопсуздукту сакташат. Калган ишканаларда, «Шарбон» жабык акционердик коому бар, ага Ички иштер министрлиги менен сүйлөшүп берип жатабыз», — деди Жакыпов.

Кара-Кечеде мамлекеттик көзөмөл жетишсиз болуп, криминалдык топтордун таасири күчтүү экени бир канча жылдан бери айтылып келет. Көмүр кенинде 2020-жылдын 28-августунда ок атылып, андан «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу жабыркаган.

2019-жылы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору да белгисиз адамдар тарабынан сабалган. Буга чейин көмүр ташыган машиналарды кезексиз өткөргөндөр боюнча териштирүү жүргөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты