Саматбек Ибраевдин уулуна козголгон кылмыш иши боюнча экспертиза дайындалды

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин уулу Данияр Ибраевге козголгон кылмыш иши боюнча соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалды. Өзүн Кыргызстанга экстрадициялоо жараяны жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматына таянып,»Азаттык» радиосу жазды.

Маалыматка ылайык, аталган факты Жазык кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча иликтенүүдө.

Эске сала кетсек, Данияр Ибраевге 2019-жылы ири суммадагы каражатка байланышкан алдамчылык иши боюнча эл аралык издөө жарыяланган. 2020-жылдын сентябрында Болгариянын баш калаасы Софияда кармалып, үй камагына чыгарылганы кабарланган.

Ал ортодо депутат Саматбек Ибраевге жана анын үй-бүлөсүнө алданганын айткан ондон ашуун киши 4-октябрда пикетке чыгышты.

Алар Ибраевдердин үй-бүлөсү баш-аягы 35 млн. доллар карыз экенин билдирип, аласасы бар кишилердин бир бөлүгү гана пикетке чыкканын айтышкан.

Сүрөт интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты