Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды

  • 3 года мурун

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалга чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Тыныбекова мелдештин 1/8 финалында жапониялык Нонока Озаки менен күрөшүп, атаандашын 6:4 эсебинде утуп алды. Кыргызстандык балбан чейрек финалда Мерве Карадеңиз (Түркия) менен Вероника Иванова (BLR) жубунун жеңүүчүсү менен кез келет.

Эске сала кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрь күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан катышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты