​Максат Касенов камакта калды

  • 3 года мурун

Активист Максат Касеновду Биринчи май райондук соту 30-октябрга чейин камакта калтырды.

Ал №50 убактылуу кармалуучу жайында боло турганын kaktus.media жазып чыкты. Буга чейин Каракол шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, кийинки активист адам өлтүрүү үчүн кол салган деп айыпталып камакка алынган болчу. Анын Караколдогу үйүндө тинтүү жүргүзүлгөндө “Сайга” жана муздак курал табылган.

Касеновдун жакындары ал 4 жыл мурдагы кылмышы үчүн кармалганын, жабыркаган тарап тосмо арыз жазып берип, Касенов анын дарылануусун төлөп бергенин айтышты.

Максат Касенов 2020-жылы парламенттик шайлоого “Чоң Казат” партиясынан ат салышкан. Акыркы кезде азыркы бийликти сындаган видеолорду чыгарып турган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты