​Мухаммед пайгамбардын карикатураларын тарткан сүрөтчү жол кырсыгынан каза тапты

  • 3 года мурун

Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын автору катары таанылган швециялык сүрөтчү Ларс Вилкс жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу «Риа Новости» агенттиги жазды.

Кырсык 3-октябрда Швециянын Маркарид шаарынан алыс эмес Е4 жолунда катталып, сүрөтчү менен бирге аны кайтарып жүргөн эки полиция кызматкери дагы каза тапкан.

Вилкс келе жаткан автоунаа жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, жыйынтыгында эки транспорт каражаты тең күйүп кеткен. Жергиликтүү полициянын өкүлү окуя атайын жасалган болушу мүмкүн деген версияны жокко чыгарды.

“Эгер мындай боло турган болсо, тергөө башка нукта болмок… Кырсыктан эки полиция кызматкери көз жумгандыктан иликтөө прокуратуранын атайын бөлүмүнө берилди”, — деп билдирген ал.

Ларс Вилкс 2007-жылы Nerikes Allehanda гезитинде Мухаммед пайгамбардын карикатуралары делген сүрөттөрүн жарыялаган. Ошондон кийин анын дарегине коркутуулар түшүп, полициянын коргоосу алдында жүргөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты