Кабулда мечиттин аймагында жардыруу болуп, эки киши набыт кетти

  • 3 года мурун

Кечээ, 3-октябрда Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы мечиттердин биринин аймагында жардыруу болуп, андан кеминде эки киши набыт болгону кабарланууда.

Окуя «Талибандын»* басма сөз катчысы Забиулла Мужахид маркум энесине куран окутуп жаткан учурда болгону аныкталды.

«Бүгүн түштөн кийин Кабулдагы Эйдгах мечитинин кире беришинин жанында жайкын тургундар жыйналып турган учурда бомба жарылды. Тилекке каршы, бир нече адам каза тапты», — деп жазды «Твиттерге» Забиулла Мужахид.

Талибдер түзгөн өкмөттүн курамындагы Ички иштер министрлигинин басма сөз жана коом менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Сайед Хости жардыруудан эки киши өлүп, дагы экөө жарадар болгонун «Эркин Европа / Азаттык» радиосуна ырастады. Ал бул окуяга байланыштуу үч киши кармалганын кошумчалады.

Буга чейин «Талибандын» басма сөз катчысы Забиулла Мужахид маркум энесине 3-октябрда түштөн кийин саат 2ден 5ке чейин Ейдгах мечитинде куран окутуларын «Твиттер» аркылуу жарыялаган.

Жардыруу куран окутуу маалында же андан кийин болгону белгисиз. Азырынча эч бир тарап бул окуя үчүн жоопкерчиликти мойнуна ала элек.

* Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты