Чүйдө арыктагы суу түтүкчөсүнөн 43 жаштагы адамдын сөөгү табылды
- 3 года мурун
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ак-Жар конушунда арыктагы суу түтүкчөсүнөн 43 жаштагы адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, түтүктөн 1978-жылы туулган М.Б. аттуу эркек кишинин сөөгүн алып чыгышкан.
Сөөк Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Муну бөлүшүү