Жапаров: Биздин алтынды сатып алам деген кардарлар кезекте турушат

  • 3 года мурун

«Кумтөр» кени боюнча Женевада өткөн сүйлөшүүлөр «Центерра» компаниясынын суранычы менен болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында Кумтөр маселеси боюнча берген түшүндүрмөсүндө билдирди.

Анда ал сүйлөшүүгө Кыргызстандан төрт өкүл катышканын, кеңири маалымат алар келгенде белгилүү болорун жазган.

Өлкө башчысы LBMAдин «Кыргызалтын» ишканасынын алтынын сатып алуудан баш тартканы көйгөй эмес экендигин, алтынга кардарлар кезекте турушканын билдирген.

«Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып».

Мындан тышкары ал Кыргызстан Кумтөр боюнча эл аралык соттон уттурбасын, ал үчүн элдин колдоосу зарыл экендигин белгилеген.

«Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? “Кумтөрдү” көчүрүп кетеби?
Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го? Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт», — деп жазды президент Жапаров.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты