Жапаров: Кыргызстан энергетикалык таңкыстыктан 2024-2025-жылдары толук кутулат

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында өлкөдөгү энергетикалык кырдаал, электр энергиясынын баасы жана үнөмдөө маселелери боюнча билдирүү калтырды.

Анда ал Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан, Тажикстандан жана мурдагы келишимдерге ылайык, Казакстан менен Өзбекстандан алып жатканын жазган. Президенттин айтымында, өлкө электр энергиясын 2010-жылдан бери импорттоп келүүдө. Бирок быйылкы сатып алынган баа башка.

«2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казынадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол берген жокмун. Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз»,- деп жазды президент Жапаров.

Ал билдирүүсүндө электр энергиясын үнөмдөө боюнча тапшырманы өзү бергенин ырастады. Президент белгилегендей, Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан электр энергиясын гана алат, сугат суу катары Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат.

«Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет. Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат. Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат», — деп жазды президент.

Мамлекет башчысы жарандардын электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жатканына электр кубатынын арзан баада болуп жатканы себеп болууда деп эсептейт. Ошол себептен быйыл жазында электр энергиясынын баасын эки категорияга бөлүп, кымбаттатуу демилгесин көтөргөнүн айтып, аны коомчулук түшүнбөгөнүн кошумчалаган.

Мындан тышккары ал Кыргызстанда акыркы он жылда бир да ГЭС курулбаганын белгилеп, учурда мамлекет өз күчү менен ГЭС кура баштаганын, өлкө 2024-2025-жылдары энергетикалык таңкыстыктан толук кутуларын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты