Чычкан суусуна түшүп кеткен унаадагы аял каза тапты. Экинчиси жабыркады
- 3 года мурун
2-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында, Токтогулда Honda Odyssey унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, Чычкан суусуна түшүп кеткен.Кырсыктын кесепетинен 1 аял каза болуп, экинчиси жабыркаган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анлагы маалыматта айтылгандай, кырсыктын кесепетинен 1 аял каза болуп, экинчиси жабыркаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токтогул райондук бөлүмүнөн беш куткаруучу тартылган. Жабыркаган аял ооруканага алынды. Каза болгон аялдын сөөгү да ооруканага жеткирилди.
Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү