​Жөө күлүк Дарья Маслова: Кесиптик карьерага чекит коюу убактысы келди

  • 3 года мурун

Жөө күлүк, Кыргызстандын спортунун эмгек сиңирген чебери, Азия оюндарынын чемпиону, Токиодогу жайкы олимпиаданын катышуучусу Дарья Маслова чоң спорттон кете тургандыгын жарыя кылды.

Ал “Инстаграмм” баракчасына минтип жазды:

-Мен көпкө ойлонуп-толгонуп, өзүм үчүн жеңил эмес чечим кабыл алдым. Кесиптик карьерага чекит коюу убактысы келди.

Спорттук ишмердигимде (10 жыл) кесиптик спорт мага турмуштук тажрыйбаны, позитивдүү эмоцияны, күч-кубатты, эл аралык мелдештерде көптөгөн жеңишти жана улуттук рекорд коюу мүмкүнчүлүгүн берди. Албетте, кайгы-капа да, көз жаш да болду, ден соолукка да залал келди. Ошого карабастан биздин күнөстүү Кыргызстаныбызга өзүмдүн кичинекей салымымды кошконум үчүн абдан сыймыктанам, — деди ал.

Ошондой эле машыктыруучулары Виктор Федорович Борисовго, Татьяна Викторовна Борисовага ыраазылыгын айтты.

Сөз аягында Дарья Маслова Кыргызстанда спортту колдоо керектигин белгиледи:

-Кыргызстанда спортту колдоо керек экенин айткым келет. Спортчуларды өстүрүүгө көп убакыт жана каражат бөлүүгө көңүл буруш керек. Биздин өлкөдө ачыла элек таланттар жеңил атлетикада, сууда сүзүүдө, бокста ж.б. бар. Улуттук спорт маанилүү, бирок спорттун башка түрлөрүнө да көңүл буруу зарыл. Биз албай калган колдоону келечекте мамлекет болочок спортчуларга көрсөтөөр.

Эми менин жаңы барагым, жаңы турмушум, жаңы максаттарым ачылат, -деди жеңил атлетчи Дарья Маслова.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты