​Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө жарлыкка кол коюлду

  • 3 года мурун

«2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2021-жылдын башталышына карата Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында 3348 диний уюм каттоодон өткөн. Алардын 2930у ислам, 404ү христиан багытындагы уюмдар, ошондой эле 12си Бахаи жамааты, 1 иудей жана 1 буддистер жамааты. Алардын эң ириси болуп мусулмандардын арасында ханафит мазхабын жана матурудий ишенимин сактоону камсыз кылуучу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эсептелет.

Аталган концепцияда белгиленгендей, эң көп коомдук кызуу талкуу жараткан учурлар болуп мамлекеттин светтик мүнөзү принцибин бузуу учурлары эсептелет. Бул бир катар диний жетекчилердин жана дин кызматкерлеринин мамлекеттик жана муниципалдык органдардын иштерине кийлигишүү аракетинен, алардын диний факторду саясий ресурс катары колдонуусунан байкалат.

Концепцияда бир катар иш-чараларды ишке ашыруу белгиленген. Анын ичинде жарандык коомдун институттары менен аракеттенүүнү өнүктүрүү, маданияттар аралык жана диндер аралык өз ара түшүнүшүүнү камсыз кылуу зарыл. Ошондой эле диалогдорду ишке ашыруу да маанилүү.

Концепция менен бул шилтемеден таанышыңыз.

Сүрөт: Мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты