Активист Максат Касеновду укук коргоо органдары кармаган

  • 3 года мурун

Социалдык тармактарда активист Максат Касеновду белгисиз адамдар кармап кеткендиги тууралуу маалымат тараган.

Ички иштер министрлиги бул боюнча мындай маалымат берди:

-Максат Касенов ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан киши өлтүрүү аракетине байланыштуу кылмышка шектүү катары кармалды. Ал кылмыш-жаза кодексинин киши өлтүрүүгө аракети беренеси боюнча айыпка шектелүүдө.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Максат Касенов Бишкектин тергөө органдарына алынып келинген.

ИИМ тарабынан Касеновдун Караколдогу үйүн тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүүдө ок атуучу курал (“Сайга”) табылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБинин убактылуу тергөө абагына камалган,-деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Максат Касеновдун Фейсбук социалдык тармагында бийликке сын айтып келгендиги маалым.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты