Европа соту Валентина Чупикти Орусиядан Өзбекстанга депортациялоого тыюу салды
- 3 года мурун
Адам укуктары боюнча Европа соту «Тонг Жахони» («Дүйнө таңы«) уюмунун башчысы, укук коргоочу Валентина Чупикти бери дегенде эле 17-октябрга чейин Орусиядан Өзбекстанга депортациялоого тыюу салды. Бул тууралуу адвокат Дарья Тренина билдирди.
Адам укуктары боюнча Европа соту Чупиктин иши боюнча 39-эрежени колдонду. Бул эреже мамлекеттин адам өмүрүнө же ден сооолугуна олуттуу зыян алып келиши мүмкүн болгон аракетине тыюу салуу үчүн колдонулат.
Буга чейин Өзбекстан элчилигинин кызматкерлери депортация жөнүндө документтерди жайгаруу үчүн Шереметьево аэропортуна келгени маалым болгон. Бул тууралуу «Настоящее время» телеканалына Чупиктин жардамчысы Александр Ким билдирген.
«Валентина Чупик Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери аны сүрөткө тартуу үчүн келгенин кабарлады. Алар бул паспорт алып, кайда кааласа ошол жакка кетүү үчүн керек экенин айтышкан. Бирок биз буга ишенбейбиз. Биз аны Өзбекстанга кайтаруу үчүн сүрөткө түшүрүп кетишти деп ойлоп жатабыз», – деген ал.
Бул арада укук коргоочунун өкүлдөрү Чупиктин атынан Украинанын Тышкы иштер министрлигине жана Москвадагы украин элчилигине баш калка сураган өтүнүчтү жолдошту. Азырынча украин бийлиги мындай өтүнүч боюнча комментарий бере элек.
Буга чейин укук коргоочу эгер өзү төрөлгөн жана жарандык алган Өзбекстанга депортациялана турган болсо, ал жакта абакка кесилип, керек болсо абакта өлтүрүлүшү да мүмкүн экенин айткан.
Орусиядагы мигранттардын укугун коргоп келе жаткан Валентина Чупик өткөн ишембиге караган түнү Армениядан Москвага учуп келгенде кармалган. Анын айтымында, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ал 17-сентябрда качкын макамынан ажыратылганын жана ага Орусияга кирүүгө 30 жылга тыюу салынганын билдиришкен.
Укук коргоочу 2006-жылы Өзбекстандан качып чыгып, Орусияда качкын макамы менен жашап жүргөн.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.
Сүрөт: RFE/RL