Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан 62 талапкер катыша турганын билдирди

  • 3 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) 1-октябрга карата бир мандаттуу шайлоо округдарынан 62 талапкерден Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирүү келип түштү.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын баары талапкерлигин өзүн өзү көрсөтүштү.

БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер КР БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Бир мандаттуу округдан талапкерликке аттангандардын арасында Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Юлия Лилиенталь, Жусупжан Жээнбеков, Тазабек Икрамов, Автандил Кулбараков, Саматбек Ибраев, Эркин Бөлөкбаев, Акбөкөн Таштанбеков, Элмурза Сатыбалдиев, Атыр Абдрахматова, Азизбек Турсунбаев, Канат Хасанов, Канат Сагымбаев жана башкалар бар.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүлөт.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Пропорционалдык система боюнча шайлоого катышуу ниетин билдирип, 75 партия арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты